Mastercardдын мурдагы президенти Дүйнөлүк банкты жетектейт

08.05.2023, 12:34 Акчабар
Mastercardдын мурдагы президенти Дүйнөлүк банкты жетектейт

Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлору Ажай Банганы Дүйнөлүк банктын президенти кылып шайлашты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Аджай Банга Дүйнөлүк банктын президенттигине талапкер катары февраль айында АКШнын президенти Байден тарабынан сунушталган. Анткени салттуу түрдө Дүйнөлүк банктын башысын АКШ сунуштайт. Ажай Банга бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Ал расмий түрдө ушул жылдын 2-июнунда беш жылдык мөөнөткө кызматка киришет.

Аджай Банга - индиялык-америкалык ишкер. Банга ийгиликтүү уюмдарды жетектөө, каржылык инклюзивдүүлүк жана климаттын өзгөрүшү маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү куруу боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Буга чейин ал 24 миңге жакын кызматкери бар дүйнөлүк уюмдун Mastercard компаниясынын президенти жана башкы директору болгон.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жазгы жыйындарынын алкагында Ажай Банга менен жолуккан. Тараптар бир катар орчундуу маселелерди, анын ичинде климаттык коопсуздукту, адамдык капиталды өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестицияларды  талкуулашкан. 

Тэги: экономика Всемирный банк новости Кыргызстана новости мира MasterCard

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу