Электрондук каттоого кошулган мектептердин саны көбөйөт

24.01.2020, 17:10 Акчабар
Электрондук каттоого кошулган мектептердин саны көбөйөт

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын дагы беш шаарында жүргүзүлө баштайт. Алар: Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Электрондук каттоо 15-февралдан башталат. Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg/ порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: биринчи класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

 


 

 

 

Тэги: школа электронная запись

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу