Былтыр 2022-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 23 миңдей жумушсуз жаран ишке орношкон. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда министр кесипке багыт берүү жана кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
“Былтыркы жылы Эмгек министрлиги аркылуу 23 миңдей жумушсуз жаран ишке орношсо, дагы 15 миңи акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн. Дагы 7500 адам эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча кесиптик билим алышты. Бул газ-электр ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, кеңсе менеджери, электрик, айдоочу, - деди ал.