Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында 18-марттагы “Эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул туурадуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган токтом менен эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилди, ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди:
кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен акыркы 12 ай үчүн же катары менен 12 календардык айдан кем эмес мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүгө;
1-апрелден тартып акыркы 12 ай ичинде же катары менен 12 календардык айдан аз мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды берет.
“Бул токтомдун өзгөчөлүгү товарларды экспорттогон субъекттер Кыргызстандын аймагынан товарларды алып чыгуунун алдында электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү. Буга байланыштуу министрлик экспортчуларга жана жүк ташуучуларга Кыргызстандын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактураларды берүүнү сунуштайт”,- деп айтылат билдирүүдө.
Бул токтом менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.