Айыл чарба министрлиги 2026-жылга чейин эт жана эт азыктарынын экспортун 7 эсеге, же 90 млн. долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул үчүн кайра иштетилген этти экспорттоонун көлөмүн 30%га чейин көбөйтүү керек.
Мындан тышкары, логистикалык маселелерди чечүү, керектүү документтерди бирдиктүү терезе режиминде берүү системасын түзүү, сооданы каржылоону жана экспорттук камсыздандырууну киргизүү маанилүү.
Эт жана эт азыктарын экспорттоону жогорулатуу боюнча милдеттердин арасында: