“Евразия сактык банкы” убактылуу башкаруу режиминен чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
“Евразия сактык банкы” ААКтагы администрациялык режимди алып салуу чечимин Улуттук банк башкармасы 22-июнда кабыл алган.
Белгилеп кетсек, буга чейин “Евразия сактык банкы” “Кыргызкредитбанк” деп аталып, уюмдун каржылык кыйынчылыгына байланыштуу башкаруу режими киргизилген. Өткөн жылдары банк пайда көрүп, киреше 2021-жылы 35,28 миллион сомду түзгөн.
Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Евразия сактык банкы”, ошондой эле “Альфа Телеком” ЖАК, “Кыргызтелеком” жана “Дастан” заводунда мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн акционердин кызыкчылыктарын коргоо ыйгарым укуктары берилди.