Фармкомпанияларга министрлик жана ММК фонду 1 млрд 200 млн сом карыз

26.10.2020, 14:00 Акчабар
Фармкомпанияларга министрлик жана ММК фонду 1 млрд 200 млн сом карыз

Фармацевтикалык компанияларга Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду 1 млрд 200 млн сом карыз болуп калган. Бул тууралуу «Кабар»агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев фармкомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

«Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду фармкомпанияларга карыз болуп калган. Анын 540 млн сому төлөнүп берилди. Алар жардам беребиз деп жатат. Учурда 1,5-2 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар. Дагы 3-4 айга жеткирүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - дейт министр.

Жаңы министр кошумчалагандай, коронавирусту дарылоо боюнча жалпы 29 миң 170 дарыгер окуудан өттү.

Тэги: фармацевтикалык компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу