Фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге алууга сертификат тапшырылды

17.07.2019, 08:45 Акчабар
Фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге алууга сертификат тапшырылды

«Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтканда, эң ириде, айыл чарбасын өнүктүрүүнү ойлойбуз», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Таза-Жан» айыл чарба кооперативинин базасында өткөн республикалык семинарда билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, көптөгөн жылдар бою айыл чарба тармагына мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай келгендиктен бүгүн тармакта чечилбеген маселелер көп.

«. Биздин дыйкандар эмгекчил жана иштегенди билишет. Бирок өндүрүлгөн продукциянын сапаты жакшы эмес. Сапаттуу үрөнсүз дыйкандардын эмгеги акталбайт. Жакында мен жумуш сапар менен Талас облусуна бардым. Ал жакта өзүңүздөр билгендей, негизинен төө буурчак өстүрүшөт. Бир гектардан дыйкандар орточо эсеп менен бир тонна төө буурчак алышат. Бул жакшы, бирок биз аларга жардам берели деп, Түркиядан үрөндүн жаңы түрлөрүн алып келдик. Эми түшүм кандай болорун күтүп жатабыз. 1 гектардан 4 тоннага чейин төө буурчак жыйнап алуу пландалууда. Бул буга чейинки жылдардын көрсөткүчтөрүнө караганда төрт эсе көп. Мал чарбасы чөйрөсүндө дагы колдоо чараларын күчтөп жатабыз, ирригацияны өнүктүрүү боюнча чоң пландар бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле малчыларды жана дыйкандарды бир кыйла активдүү болууга, мамлекет тарабынан айыл чарбасын жеңилдетип каржылоого бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүүгө чакырды.

Мындан тышкары Премьер-министр кооперативдерди жана ассоциацияларды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, бул рыноктун талаптарына дал келип, мамлекетке аларга ар бирине жана натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге алууга сертификат тапшырып, айыл чарба продукциясынын көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу