Тоо-кен тармагын каржылоо өкмөт тарабынан 20 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөн Камчыбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттин менчигине өткөндөн кийин башкарууда олуттуу ийгиликтерди жана тартипти көрсөтүп жаткан "Кумтөр" кенине өзгөчө көңүл бурулууда.
"Кумтөрдө" алтынды жер астынан казып алуу долбоорун ишке киргизүү казылып алынган руданын бир тектүү эместигин эске алуу менен, тоо-кен казып алуу ыкмаларын диверсификациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун оптималдаштыруу боюнча стратегиялык кадам болуп саналат.