Финляндия жана Болгарияда иштөөгө келишим долбоорлору түзүлүүдө

27.01.2023, 10:52 Акчабар
Финляндия жана Болгарияда иштөөгө келишим долбоорлору түзүлүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Финляндия жана Болгариянын бийликтери менен кыргызстандык жарандарды жумушка алуу боюнча макулдашуулардын долбоорлорун даярдап жатат. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.  

Маалыматка ылайык, учурда министрликтин көзөмөлүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөн 142 жеке ишке орноштуруу агенттиктери кызмат көрсөтүүдө. Алар аркылуу кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн жумуш таба алышат.

“Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө жумуш таба алышат. Министрлик аркылуу Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Жапония менен жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Болгария жана Финляндия менен да келишимдер даярдалып жатат”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулган. Анын үчтөн бирин аялдар түзгөн. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу