Финансы полициясынын мурунку жетекчиси Бакир Таиров кармалды

11.12.2020, 11:00 Акчабар
Финансы полициясынын мурунку жетекчиси Бакир Таиров кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) мурунку башчысы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Финполдун мурдагы жетекчиси мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алгандыгын аныкташты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы жетекчиси «Т.Б.Б.» саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ага ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы аныкталды.

10-декабрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде «Т.Б.Б.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Т.Б.Б» тарабынан акча каражатын алуу сыяктуу фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле ишкердик объекттеринен акча каражатын алуу фактысы да каралууда.

Тэги: Бакир Таиров Финансы полициясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу