ЕРӨБ чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн форум уюштурат

31.05.2019, 08:04 Акчабар
ЕРӨБ чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн форум уюштурат

Бүгүн Бишкекте ЕврЕвропанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы  «Чакан бизнес-ийгиликке бирге»-аттуу Инвестициялык форумду Бишкекте уюштурат. Ага Борбордук Азия мамлекеттеринен финансы адистери, эксперттер жана эл араылык бизнести жүргүзүү боюнча консультанттар  катышат. 

Форумга Кыргызстандын 300 ашык чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, потенциалдуу инвесторлор менен финансы эксперттери Республиканын борборунда чогулуп, анда чакан жана орто бизнеске инвестиция тартуу, ата мекендик бизнести каржылоонун жеткиликтүү болушун талкууга алышат.

Форум Борбордук Азия аймагында  бизнес жүргүзүүнүн аспектилерин талдаган, чакан жана орто бизнеске техникалык  жардам менен консультация алууга өбөлгө түзүүчү  аянча болуп калмакчы.

Уюм тууралуу маалымат

ЕРӨР чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бир нече багытта каржылоо, кеңеш берүү кызматтарын, чакан бизнести колдоо Демилгеси аркылуу реформаларды колдоого алып, ал Швейцария Өкмөтү менен Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы Инвестициялык фонду аркылуу каржыланат. 2018-жылы ЕРӨБ чакан жана орто бизнес үчүн насыялоо аркылуу 20 млн.доллар, ошондой эле 8 млн.долларды өнөктөш банктар менен биргеликте каржылаган. 90 жакын компания техникалык жардамды жергиликтүү кеңешчилер менен эл аралык эксперттер тарабынан  консультация түрүндө алышкан.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу