"Фрунзе" гипермаркет тармагынын кызматкерлери коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө каржылык жардам көрсөтүштү.
Ар бир кызматкер бир күндүк эмгек акысын шаарлар менен облустардын мамлекеттик башкаруу органдарынын учурдагы эсептерине которушкан.
Бул кайрымдуулук акциясынын жалпы суммасы 1 миллион 160 миң сомду түзгөн.
"Күн сайын биз ооруга чалдыккандар жана өлүмдөр боюнча кайгылуу жаңылыктарды окуйбуз. Ошондуктан, биз кызматкерлерибиздин ден-соолугун көзөмөлдөп, соода түйүндөрүн тазалоо жана дүкөндөргө баруу үчүн шарттарды катуу сактайбыз (маска режими, температура жок). Биз сиздерден ден-соолугуңузга кам көрүүнү жана бардык коомдук жайларда айланаңыздагы адамдардын бакубат жашоосу үчүн жоопкерчиликтүү болууңузду суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Жардам жөнөтүлгөн мамлекеттик органдардын тизмеси: