ААК «Кепилдик фонду» 2019-жылдын акыркы 10 айында 1.5 млрд сомго, 1.3 миң кепилдик берген. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылат.
Маалыматка ылайык, банк-өнөктөштөр ишкерлерге кепилдиги менен 5.1 млрд сомдон ашык насыя беришкен.
Облустарга берилген кепилдиктин көлөмү:
Анын ичинен айыл-чарба тармагына - 712, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүүгө- 72, өнөр-жайга - 108, транспортко - 88, туризмге - 58, курулушка - 11 кепилдик берилген.
Тармактарга жараша берилген кепилдиктердин суммасы: айыл-чарба тармагына - 282 млн сом (насыянын көлөмү - 739.4 млн сом), айыл-чарба продукциясын кайра иштетүүгө - 280 млн сом (насыянын суммасы 1 млрд), өнөр-жайга - 287.1 млн сомду (насыянын көлөмү - 979 млн сом) түзөт.