Кепилдик фонду дыйкандарды колдоого 1 млрд сомдон ашык бөлгөн

26.01.2024, 13:09 Акчабар
Кепилдик фонду дыйкандарды колдоого 1 млрд сомдон ашык бөлгөн

Былтыркы жылы Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиарддан ашык сомго кепилдик бериилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.

Белгиленгендей, айыл чарбасы "Кепилдик фонду" ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.

2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736.

Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51 млн сомду – бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 1/3 бөлүгү - 2 млрд 821 млн сом.

Кепилдик аркылуу берилген кредиттик каражаттардын көлөмү 3 млрд сомдон ашты – өткөн жылы берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн - 8 млрд 26 млн сомдун 37% түздү.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Гарантийный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу