Быйыл 9 айда “Газпром” ишканасы өлкө бюджетине 5 млрд 364 млн сом салык төлөдү. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу 45% өстү. 2022-жылдын 9 айында 3 млрд 683 млн сомду түздү.
“Өлкөнүн мунай жана газ тармагын өнүктүрүүгө инвестициялардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты”, - деп айтылат маалыматта.