«Газпром Кыргызстан» компаниясы ISO 45001:2018 эл аралык сертификатын алды

01.02.2022, 17:49 Акчабар
«Газпром Кыргызстан» компаниясы ISO 45001:2018 эл аралык сертификатын алды

"Газпром Кыргызстан" Кыргызстанда ISO 45001:2018 стандартына туура келген сертификациядан өткөн биринчи компания болду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Сертификациядан өтүү компанияга коопсуздук деңгээлин жогорулатууга бир топ жардам берди.

ISO 45001:2018 — бул жумуш ордунда ден соолукту жана коопсуз эмгекти коргоо боюнча жаңы дүйнөлүк стандарт. Аны 2018-жылы Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм иштеп чыккан. Сертификат кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле сертификатталган компанияга келген адамга өмүрүнө эч коркунуч келтирилбеши тууралуу кепилдик берет.

ISO 45001:2018 стандартынын ден соолукту коргоодогу башка стандарттардан артыкчылыгы:

  • баардык аспекттер боюнча статикалык эмес, динамикалык. Эгерде коопсуздукту камсыз кылуу системасы эскирсе, аны андан ары сертификациялоо үчүн жаңыртуу жана жакшыртуу керек;
  • тобокелчиликтерди, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү да карайт. Бул өз учурунда коопсуз жагдайлардын пайда болушун алдын алат жана келечекте анын пайда болушуна жол бербейт;
  • бир гана ден соолукка жана башка ички көйгөйлөргө алып келүүчү коркунучтарды алдын алуудан тышкары, уюмдар жана бизнес чөйрөсү ортосундагы өз ара аракеттешүүнү да концентрациялайт;
  • бир гана кызматкерлердин эмес, ошондой эле компаниянын кызматкерлеринин жана келген адамдардын коопсуздугун дагы эске алат.

Кристиан Глезель жана Чарльз Корри, ISO 45001 стандартын иштеп чыгуу менен алектенген ИСО/ПК 283 жумушчу тобунун төрагасы жана катчысы:

«Күн сайын өндүрүштө миңдеген адамдар күтүлбөгөн кырсыктардан же жумуш менен байланышкан коркунучтуу оорулардан каза болуп жатышат. Мындай өлүмгө алып келген окуяларды өткөн учурда болтурбаш керек эле жана келечекте алдын алуу керек. ISO 45001 стандарты ушул максаттарга жетүү үчүн иштелип чыккан”.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу