Салык отчету үчүн электрондук колтамганы кайдан акысыз алса болот? Даректер

27.11.2020, 11:35 Акчабар
Салык отчету үчүн электрондук колтамганы кайдан акысыз алса болот? Даректер

Юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, салык отчетун электрондук түрдө берүү үчүн, калкка кызмат көрсөтүү борборлорунда электрондук колтамганы бекер ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Электрондук колтамганы бекер алууга боло турган калкты тейлөө борборлорунун даректери:
Бишкек, Чүй облусу:
• ЦОН-1 - Нуркамал көчөсү, 29;
• ЦОН-2 - Чолпон-Атинская көчөсү, 2;
• ЦОН-3 - Жаш Гвардия бульвары, 4;
• ЦОН-4 - Ауэзов көчөсү 1/5;

• Сокулук айылы - Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 1;
• Панфилов району - Панфиловка айылы;

Талас: Дзержинский көчөсү No 28;


Нарын, Нарын облусу:
• Ленин көчөсү, 39;
• Ат-Башы - Сулайманов көчөсү, 29;
• Кочкор району - Кочкор айылы, Алиев көчөсү 6;


Ысык-Көл облусу:
• Каракол - Гебзе көчөсү, 124;
• Кызыл-Суу - Жети-Өгүз району, Биринчи май көчөсү, 65.


Ош, Ош обласу:
• Ленин көчөсү, 318;
• Раззаков көчөсү, 2;
• ЦОН-1 - Өзгөн шаары, Ленин көчөсү, 115;
• ЦОН-2 - Өзгөн, Прогресс айылы;

 

Жалал-Абад, Жалал-Абад облусу:

• Барпы Сейил көчөсү, 79Б;

• Сузак - Каримбердиев көчөсү, 1;

• Базар-Коргон району - Курбанова көчөсү, 6;

Баткен, Баткен облусу:

• Мурат Салихов көчөсү, 33/1;

• Кызыл-Кыя - Султанов көчөсү 1А;

• Кызыл-Суу - Жети-Өгүз району, Биринчи май көчөсү, 65.

Мындан тышкары, электрондук колтамганы башка адистештирилген операторлордон сатып алууга болот:

 

• DosTek group ЖЧКсы (Бишкек шаары, Коенкозов көчөсү, 8, 0-312-96-03-60, www.dostek.kg, office@dostek.kg);

• ЖЧК "Универсалдык Бизнес Отчет" (Бишкек шаары, Тимирязев көчөсү, 80, 8-бөлмө, 0-312-98-68-66, www.ubr.kg, sale@ubr.kg).

Эскерте кетсек, уюмдар жана жеке ишкерлер, анын ичинде патенттин негизинде иштегендер, 2021-жылдын 1-январынан баштап электрондук колтамганы колдонуу менен салык декларацияларын тапшырууга өтүшөт.

Буга байланыштуу МСК салык төлөөчүлөрдү алдын-ала квалификациялуу электрондук кол тамга сатып алууга үндөйт.

Тэги: ГНС электронная подпись налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу