Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2019-жылы январь-февраль айларында ички дүң өндүрүмү 63 млрд сом болуп, ал өткөн жылдын бул мезгилине караганда 4.9% өскөн.
Өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү 12.2% жетип, былтркы ушул маалга салштырганда өсүү 38 млрд сомдү түздү. Өнөр жайдагы өсүү 2.6. эсе кен, көмүр казууга – 43.7%, чики нефти жана жаратылыш газынан – 23.2% иштетүүгө, ошондой эле негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 36.9% өскөнүнө, кийим тигүү – 24.1% жеткенине байланыштуу.
Төмөндөө нефти продукцияларын өндүрүүдө 50.3% түшүп, жеңил өнөр жайында да төмөндө 23.4% байкалып, резина менен пластмасса өндүрүү 15.1% кыскарып, азык түлүк дагы 12.8% аз өндүрүлгөн.
айыл чарбасындагы өсүү жогору эмес – 1.7% ал дагы мал чарбасынын жандануусунан улам жеткен көрсөткүч.