Сокулукта бир кочкор 10 миң долларга сатылган

09.09.2019, 16:38 Акчабар
Сокулукта бир кочкор 10 миң долларга сатылган

Чүй областынын Сокулук районунун Асылбаш айылынын Чоро Алтыкеев аттуу тургуну бир кочкорду 10 миң долларга казак ишкерине саткан. Бул тууралуу Турмуш басылмасы билдирет.  

Чоро Алтыкеев 15 жылдан бери гиссар породасындагы койлорду багып келет. 

“Мен койлордун башка түрлөрүн дагы багып чоңойтом. Биз аларга: “Жаңы кыргыз койлору” деген ат бергенбиз. Албетте бул убактылуу гана коюлган ысым. Андан сырткары, Тажикстандан келген породалар менен дагы аралашкан койлор бар. Алар, башка гиссар койлорго салыштырмалуу, 12-13 кг көбүрөөк салмак кошушат."  

 

 Ал башка кочкорлорго салыштырмалуу салмагы боюнча эн чоң болчу. Сүрөттө анын жашы - 1 жаш 6 ай болгон кез. Ахилесстин түпкү породасы Тажикстандан келген. Бул жаңы кыргыз койлордун породасы учурда Чүй областында кеңири жайылып келе жатат. Азыркы учурда бул койлорду Казакстандан, Россиядан, Германиядан сатып алып кетип жатышат. 

“Жылына 60 койго 5-6 тонна тоют камдайм. 1 жылда 10-12 кой сатам, алардын ургаачылары 15-20 миң сом болосо, кочкорлор – 22 миңден өйдө  1000 долларга чейин турат. Жакын арада эле, 70 000 сомго бир кочкор саттым” – деп билдирди. 
 

Чоро Алтыкеев 1977 – жылы төрөлгөн. Жубайы менен 3 кыз, 2 уулду тарбиялашат. 


Ал келечекте дагы койлордун санын мындан дагы көбөйтүүнү пландап жатат. 

Тэги: Сокулук Гиссар куйрук 10 000$

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу