«Айчүрөк» соода борборунун ээсине эл аралык издөө жарыяланды

13.11.2023, 13:34 Акчабар
«Айчүрөк» соода борборунун ээсине эл аралык издөө жарыяланды

УКМК Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарындагы "ЦУМ-Айчүрөк" соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке сыртынан айып такты.

Маалыматка ылайык.  А.Габбазов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Буга байланыштуу ага улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа А.Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Габбазов жана К.Асанбек аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы "ЗИЛ" пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, А.Габбазов менен К.Асанбектин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, А.Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда К.Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Каганат" эс алуу борборунан коттедж сатып алгандыгы белгиленди.

 

Тэги: новости Кыргызстана ГКНБ ЦУМ Анвар Габбазов розыск

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу