Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында 7-августта Тоң районунун Оттук айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жерде селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун, 64 турак үйдү суу каптап, 3 үй авариялык абалга кептелген.
Кабинеттин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык зарыл болгон калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ал жарандарды өзгөчө кырдаалдарда үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.