Жарасул Абдураимов «Бишкек машина куруу заводун» жетектейт

04.04.2023, 11:10 Акчабар
Жарасул Абдураимов «Бишкек машина куруу заводун» жетектейт

Азамат Мукашев "Бишкек машина куруу заводу" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Анын ордуна "Кыргызиндустрия" ишканасынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн Жарасул Абдураимов келди.

Эске салсак, Акылбек Жапаров 22-мартта машина куруу жана штамптоо заводдорунун мүлкүн "Кыргызиндустрияга" өткөрүү боюнча документке кол койгон.

Ошондой эле 2022-жылдын 9-июнунда "Бишкек машина куруу заводу" ААКнын жөнөкөй аталыштагы акциялары КБФнын зыянсыздык талаптарын сактабагандыктан, "С" категориясында тизмеден чыгарылган.

Ошол эле учурда Салык кызматынын маалыматы боюнча заводдун камсыздандыруу төгүмдөрүнө 122 миллион 74,9 миң сом карызы бар.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызиндустрия биржа КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу