Мамлекет башчылар ШКУ саммитине катышып баштады

14.06.2019, 11:10 Акчабар
Мамлекет башчылар ШКУ саммитине  катышып баштады

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды.

Бирге сүрөткө түшүү аземинен соң  делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз  Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти  Шавкат Мирзиеев катышууда.

Тэги: ШОС саммит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу