ЕАЭБ өлкөлөрү дан, кант жана кагазды эркин жүгүртүү боюнча макулдашты

22.06.2022, 10:59 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрү дан, кант жана кагазды эркин жүгүртүү боюнча макулдашты

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары продукциянын айрым түрлөрүнүн бирдиктүү рыногунун иштешинин эрежелерин аныкташты. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өз ара соодада товарлардын төмөнкү түрлөрүн эркин жүгүртүү камсыз кылынат:

“Тизмеге буудай жана меслин, арпа, жүгөрү, күн карама уруктары, кант, күн карама майы, кайра иштетилүүчү кагаз же картон, ошондой эле кара металлдардын калдыктары жана сыныктары кирет”, - деп белгиледи ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.

Бул продукцияларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо тараптар бир же бир нече мамлекеттер тарабынан белгиленген экспорттук контроль чараларын, анын ичинде биримдиктин алкагында бир тараптуу жана бирдиктүү экспорттук контролдоо чараларын кабыл алууда четтеп өтүүгө жол бербей турганы белгиленген.

Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2024-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат.

Тэги: ЕЭК экспорт продукции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу