Салыкчылар 1.5 млярд сом салык жыйнабай калышкан

05.08.2019, 13:12 Акчабар
Салыкчылар 1.5 млярд сом салык жыйнабай калышкан

Мамлекеттик салык кызматы июль  айында салык жана камсыздандыруу боюнча планды ашыгы менен 102.2% аткарып, бирок жарым жылдыкта болгону 96.2% чогултканы тууралуу МСК башчысынын орун басары  Асылбек Эрмеков билдирди. 

Алты ай аралыгында 38.2 млрд сом салык жана төлөмдөр  аркылуу мамлекеттик казынага түшкөн. Чогултуу 1.5 млрд сомго жеткен. Өткөн айдагы планды ашыгы менен аткаруу 147 млн болгон. 

«Кошумча нарк салыгы, аксиздик салыктар боюнча болжонгон сумма чогулбай калган. Жыйналбай калган салыктардын арасына кен казууалтын казуудагы пайдадан салык, сатуудагы салык «Кумтөрдүн»  дүң салыгы , унаа салыктары дагы толук жыйналбай калган», — деп билдирди Эрмеков.

Ушул эле учурда айрым салыктар ашыгы менен жыйналган:

  • адам башына каралган киреше салыгы — КР жарандары эмес тараптар (резиденттер эмес) — 136.1%
  • бирдиктүү салык — 119.5%
  • салыктык эмес салымдар —  109.2%
  • кыймылсыз мүлккө карата салык  — 106.4%
  • жер салыгы —  105.7%.

Салык жетекчисинин айтымында салыктар боючна болжонгон суммалар айрым аймактар боюнча дагы чогулбай калган:  Бишкек  шаары  менен Чүй областынын  МСК  ири салык кызматтарын көзөмөлдөө  Башкармалыгы,  Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору менен Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары.

Буга чейинг «Акчабар»финансы порталы  ушул жылдын июль айына карата салыктан ири карызы бар салыкчылардан карызы  657 млн сомго жетип, мурдагы айга караганда 22млн көбөйгөнүн жазып чыкканбыз. 

Тэги: налоги ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу