Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында, транспорт салыгын убагында төлөбөгөн, 2 миң 397 автоунаа ээлерине админстративдик айып пул салды. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматы билдирет.
Анын ичинен 2 миң 125 айдоочу, салыкты жеринен (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) төлөшкөн.
Андан сырткары, бул убакыт аралыгында 628.5 млн сом жергиликтүү салыктар чогулган. Анын ичинен 182.1 млн сом - транспорт салыгы, 171.6 млн сом - кыймылсыфз мүлк салыгы, 274.8 млн сом - жер салыгы, анын менен бирге 34.2 млн сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.
Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.