Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылдын августунан 2021-жылдын 24-майына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарын төлөгөн 5 749 субъектке 256,7 миллион сом айып жана санкцияларды эсептен чыгарган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 4 миң 246 салык төлөөчү айып санкцияларынан, санкциялардан жана айыппулдардан 187,6 млн сом суммасында эсептен чыгарылды. Анын ичинен айып санкциялары 159,6 миллион сомду, салык санкциялары 28 миллион сомду түздү. Субъекттер бюджетке салык карыздарынын негизги суммасынан 312,6 млн сом төккөн.
Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 503 субъект айып санкцияларын, санкцияларды жана туумдарды 69 миллион сом суммасында эсептен чыгарылды. 148,7 миллион сом бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карызынын негизги суммасынан төлөндү.