Салык кызматы былтыр жарандардын кайрылуулары боюнча 60 кызматкерди жазалады

07.02.2022, 10:22 Акчабар
Салык кызматы былтыр жарандардын кайрылуулары боюнча 60 кызматкерди жазалады

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 60 кызматкерди жазалады. Өткөн жылы жалпысынан салык кызматына 220 кайрылуу келип түшкөн.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 12 арызда ишкердик субъекттер салык мыйзамдарын сактабагандыгы жөнүндө маалыматтар камтылган, 77 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине, 131 – башка ар кандай маселелерге тиешелүү болгон.

“Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 38 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 33 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 60 кызматкер жазаланды, анын ичинде 2 кызматкер кызматынан төмөндөтүлдү, 32си катуу сөгүш, 15и – сөгүш, 5 – эскертүү алды, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбегендиги жөнүндө жарыяланды жана 5 кызматкер ротацияланды. Ал эми 2 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,- деп айтылат салык кызматынын маалыматында.

Белгилүү болгондой, салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 12 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 2 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды, 5 – кайрылуу боюнча жарым-жартылай, 6 – тастыкталган жок жана 1 арыз эске алынды.

Тэги: ГНС жалобы обращения граждан наказание

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу