Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты

14.07.2021, 13:10 Акчабар
Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты

Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 128 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө 20, электрондук почта аркылуу 92, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине 16 билдирүү келген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
 

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 9 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 47си салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 72 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.
 
Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 43 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2өө ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20сы катуу эскертүү алды, 11и сөгүш, 4өө эскертүү, 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.


 

Тэги: сотрудники обращения ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу