Былтыр Мамлекеттик байланыш комитети жыштыктар үчүн жүздөн ашык лицензия берген

25.02.2019, 11:00 Акчабар
Былтыр Мамлекеттик байланыш комитети  жыштыктар үчүн жүздөн ашык лицензия берген

Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетинин докладына ылайык  2018-жылы 16 жолу лицензия комиссиясы жыйынга чогулуп, жыйынтыгында 101 уруксат берилген. Бул тууралуу ведомствонун  расмий сайтында жарыяланды. 

Алардын маалыматына  таянсак, 40 лицензия маалыматтарды таратуучу (передачи данных), 11 – электрбайланыш, 14 – почта байланышы жана 36 – радиожыштык спектору үчүн берилди.

Ушул эле убакта Мамлекеттикбайланыштын  маалыматына таянсак, 270 уруксат берүүлөр жокко чыгарылган. 

Былтыр Эл аралык электр байланыш биримдигинин  Эл аралык жыштык боюнча маалыматтык регистринде (МСРЧ МСЭ)  Кыргызстанга 30 жыштыктар бекитилип (ЧП)  ал санариптик теле берүүлөргө (ЦТВ) багытталган. 

Ошентип,  2013-жылдан тарта 2018-жылдын июнуна чейин Эл аралык электр байланыш биримдиги (МСРЧ МСЭ)  Кыргызстанга 354 жыштыкты бекитип берди. Учурда катталган жыштыктар (ЧП)  52 миң 774  бирдикке (единиц) жетип,  КМШ мамлекеттери арасында Россиядан кийин экинчи орунда турат.

Тэги: Госкомсвязи частоты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу