Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы июнь айынын аягында 4 миллиард 920,9 миллион долларга жетти, бул улуттук валютада 416 миллиард 629,9 миллион сом болот.
84,5% - республиканын тышкы кредиттери, ички эсеп 15,5% ды гана түзөт.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын май айына салыштырмалуу республиканын тышкы карызы 27,6 миллион долларга бир аз азайган (-0,66%), ал эми ички карыз, тескерисинче, 3,2 миллион долларга (267,9 миллион сом) көбөйгөн.