Жалал-Абад облусунда жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Прокурордук текшерүү 2016-жылы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткалдагы филиалында 168,5 га аянттагы жер тилкеси ЖЧКнын бирине убактылуу пайдаланууга берилгендигин аныктады. Натыйжада мамлекетке 5 млн 156,4 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Мындан тышкары, 2017-жылы Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнөн ЖЧКлардын бирине убактылуу пайдалануу үчүн аянты 20,81 га жер участогу берилген. Ошол эле учурда 2 млн 404,2 миң сом суммасында айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын орду толтурулган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 7 миллион 560,9 миң сом мамлекетке кайтарылды.