Атамекендик товарларды мамлекет сатып алат

05.03.2019, 13:00 Акчабар
Атамекендик товарларды мамлекет сатып алат

Былтыртадан бери кыргыз бийлиги бизнес менен ишкерликке ыңгайлуу шарт түзөө баштады. 

Мамлекеттик сатып алууларда атамекендик  өндүрүүчүлөрдүн товарын алууга басым жасалат. Бул тууралуу ишкерлер менен болгон жолугушууда  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Бүгүн мамлекеттик сатып алуулардын басымдуу бөлүгүн чет элдик товарлар түзөт. Биз жергиликтүү товарды сатып алышыбыз керек»— деп билдирди ал.

Абылгазиевдин айтымында былтырдан тарта бизнес, ишкерчиликке ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Эми салык саясатына өзгөртүү киригизүү менен ишкерлердин кодекси иштелип чыгууда.   

«Бизнес мамлекетке таасир этет, эффективдүлүк  көп социалдык маселелерди чечүүгө  жардам берет. Ошондуктан министрлер кабинети менен ишкерлер биргелешип бизнеске ынгайлуу шарт түзсөк »— деп кошумчалады премьер.

Тэги: госзакупки отечественное производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу