Кыргыз жарандары жашоого уруксаты жок эле Өзбекстанда кыймылсыз мүлк сатып ала алышат

22.07.2022, 10:08 Акчабар
Кыргыз жарандары жашоого уруксаты жок эле Өзбекстанда кыймылсыз мүлк сатып ала алышат

Өзбекстандын өкмөтү Өзбекстанда жашоого уруксаты жок жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесин бекитти.

Тизмеге Армениядан башка бардык постсоветтик өлкөлөр, Евробиримдиктин бардык мүчөлөрү, Түркия, Гондурас, Түштүк Африка, Швейцария, Улуу Британия, АКШ, Канада, Япония, Түштүк Корея жана башкалар, бардыгы болуп 108 өлкө кирди.

Бул өлкөлөрдүн жарандары жашоого уруксаты жок эле Өзбекстанда баасы белгиленген чектен ашкан турак жайларды сатып ала алышат.

“Ташкент жана Самаркандда чет элдиктер курулуш учурунда 150 миң доллардан баштап, үч жылдан ашык эмес мурда пайдаланууга берилген жаңы имарат үчүн 180 миң доллардан баштап турак жайларды ала алышат. Башка аймактарда эң аз босого 70 миң долларды жана 85 миң долларды түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Чет элдиктерге кыймылсыз мүлк сатып алуу укугун берүү чечими менчиктештирүү процессин тездетүү, инвестициялык климаттын жагымдуулугун жогорулатуу жана инвесторлор үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү ниети менен түшүндүрүлөт.

Жарлыкта жогоруда айтылган шарттарда чет элдиктердин кыймылсыз мүлккө ээ болушу Өзбекстанда туруктуу каттоо жана жашоого уруксат алуу үчүн негиз болуп саналбай турганы баса белгиленди.

Тэги: недвижимость

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу