Мамкаттоо убакылуу айлоочулук күбөлук берүүдө. Эмнеге?

13.06.2019, 13:45 Акчабар
Мамкаттоо убакылуу айлоочулук күбөлук берүүдө. Эмнеге?

Учурда Кыргызстанда каалагандардын баары эле айдоочулук күбөлүктү ала албайт.  Аларга убактылуу күбөлук берилүүдө. Алар Кыргызстандын ичинде гана жарактуу ал эми сыртка чыкса жарабайт.  Бул тууралуу «Акчабарга» Мамлекеттик катооодон 

Көрсө, айдоочулук күбөлуктүн бланкасы түгөнүп калган. Жаңы бланкалар жок. Эмнеге? 

«Бул жакын арада жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлук жана транспорттун  техникалык паспортун жаңыртууга байланыштуу.  Учурдагы күбөлуктөр 2011-жылдан бери чыгарылып, акыркы сегиз жылда эч кандай өзгөрүү  жасалган эмес. Ошондуктан, учурдагы коргоо, коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Документтерди жаңылоо биринчи кезекте жасалма  күбөлук чыгарууга каршы жана сапатын жакшыртууга багытталган», — деп билдирди Мамлекеттик каттоодон. 

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк  сырткы көрүнүшү жакшыргандан тышкары, коргоо элементтери менен айрымаланат. Жаңы  айдоочу күбөлүк 10 жылга берилет. 

«Жаңы айдоочулук күбөлүк буга чейин евро менен эсептелсе, эми улуттук валютада бааланат.  Жаңы күбөлуктүн баасы 40-50% арзан болот», — деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынан. 

Бирок, жаңы үлгүдөгү документтер кайсыл убактан баштап берилери тууралуу  «Акчабарга» мамкаттоодон  айта алышкан жок. Ошол эле учурда, сыртка  из издеп чыгып жаткан мигранттарга дагы бул тоскоолдук жаратарын белгилеп кеткибиз келет. 

Тэги: ГРС водительские права техпаспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу