Хайдаркан сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттарында өндүрүш калыбына келтирилет

23.02.2022, 12:53 Акчабар
Хайдаркан сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттарында өндүрүш калыбына келтирилет

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын белгиленген тартипте ишке ашыруу боюнча каралган инвестициялык долбоорлор жөнүндө кыскача маалымат берди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министр белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын алкагында 30 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган.

Анын ичинде өнөр жай, энергетика, агроөнөр жай тармагында, инфраструктуралык долбоорлордо инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Учурда Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан 10 инвестициялык долбоор инвесторлорго сунуштоо жана кийин ишке ашыруу үчүн даярдалды.

“Хайдаркан сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттарында өндүрүштү калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул ири өнөр жай объектилери аймактын өнүгүшүнө, калктын иш менен камсыз болушуна чоң салым кошо алат,- деп кошумчалады министр.

Ал ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн активдүү иштөөгө чакырды. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык институттардын активдүү катышуусу зарыл.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу