Ханзаада Гарри менен Меган падышалык ыйгарым укуктарын расмий түрдө өткөрүп беришти

01.04.2020, 11:30 Акчабар
Ханзаада Гарри менен Меган падышалык ыйгарым укуктарын расмий түрдө өткөрүп беришти

«Ханзаада Гарри жана Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн курамынан чыгышкан соң, өз алдынча сүйүнүү менен жашап жатышат», - деп жазган эки жуптун жакындарынын билдирүүсүнө таянуу менен Vanity Fair басылмасы. 

«Алар жашоолорунун бул жаңы баскычтарын - чын жүрөктөн сүйүнүү менен кабыл алышууда. Акыркы айлар алар үчүн жеңил болгон жок. Бирок, алар өздөрү каалагандай түгөй болууну дагы күтө алышпайт болчу», — деп билдирди басылма. Герцог жана герцогиня «бардыгын глобалдык деңгээлде өзгөртүүнү каалашат» жана алар бул принциптерине катуу турушууда. 

Кошумчалай кетсек, алар «Инстаграмдагы» Sussex Royal аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, «Мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр», - деп жазышкан.

Түгөйлөр, кайрымдуулук фонддордун ишин токтотпой улантуу үчүн бардык күчтөрүн жумшоорун билдиришкен. 

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 8-январында Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган мындан ары өздөрүнүн падышалык үй-бүлө мүчөсү титулун колдонуудан баш тартышкан жана аларга мамлекеттик каражаттар берилбейт. 

Тэги: Ханзаада Гарри Меган Маркл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу