Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 830 млн доллардан ашты

10.05.2023, 09:35 Акчабар
Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 830 млн доллардан ашты

Ушул жылдын I кварталында Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 830 млн доллардан ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Орусияга расмий иш сапарында аталган мамлекеттин премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Анын айтымында, учурдагы рыноктук кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан менен Орусиянын байланыштары өнүгүүдө. 

“Өткөн жылы биздин өз ара соодабыз 3 млрд доллардан ашып, тарыхый жогорку чекке жетти. Быйылкы жылдын биринчи кварталында соода жүгүртүүнүн көлөмү дагы 30%га өсүп, 830 млн доллардан ашты”, - деди ал.

Михаил Мишустин Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, алар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө чын дилден кызыктар экенин кошумчалады. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу