Кыргызстан Орусияга унаа реэкспортун көбөйттү

17.01.2024, 16:56 Акчабар
Кыргызстан Орусияга унаа реэкспортун көбөйттү

Соңку бир жылда Орусияга 1 миллиондон ашык жеңил унаалар алынып келинген. Жаңы унаалардын көбү өлкөгө Кытайдан келген. Алсак, өткөн жылдын декабрь айында Кытай жалпы импорттун 76,1%ын түзгөн. Кытайдан кийинки орунда 17,4% менен Кыргызстан турат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандан Орусияга 4,2 млрд сомдук жеңил унаалар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсеге (1,2 млрд сом) көп. 

Бирок Кыргызстандын өзүнүн унаа өндүрүшү болбогондуктан, бул унаалар Кытайдан ташылып келинген унаалар болуп саналат. Ошентип, Кыргызстанга автоунааларды жеткирүү боюнча Кытай лидер болуп саналат, ал жактан өлкө 83 млрд сомдук автоунааларды реэкспорттогон, бул 209,2 млрд сомдук жалпы импорттун 39,7%ын түздү.

Ал эми Кыргызстан Орусияга автоунааларды жеткирүү боюнча алтынчы орунда турат. 

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы орусиялык автонасыя алуучулар Кытайда чыгарылган унааларга суроо-талапты дээрлик төрт эсеге көбөйткөн. Жылдын акырына карата банк тарабынан берилген бардык жаңы автонасыялардын 60%га жакыны кытайлык бренддерге туура келген.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана автомобили

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу