Абалга байланыштуу ID-картадагы даректер онлайн аркылуу текшерилет

30.03.2020, 13:00 Акчабар
Абалга байланыштуу ID-картадагы даректер онлайн аркылуу текшерилет

2020-жылдын 24-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы ID-карталардагы даректерди онлайн текшерүү функциясын portal.srs.kg порталы аркылуу киргизет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, мындай иш-чара шаар, райондодогу санитардык-эпидемиологиялык посттордун киргизилгендиги менен байланыштуу болгон. Посттор ыкчам түрдө жайгаштырылгандыктан, убактылуу киргизилген функция даректерди интернетке туташылган уюлдук телефон аркылуу текшерүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн ПИН жана ID-карта номурларын терүү керек. 

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, киргизилген бул иш-чаралар убактылуу гана. Азыркы учурда санариптик ID-карта жана айдоочулук күбөлүк долбоору иштелип жатат. 

 

Тэги: мамлекеттик каттоо кызматы ID-карта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу