Жүктөр үчүн чек аралар ачык

20.03.2020, 15:30 Акчабар
Жүктөр үчүн чек аралар ачык

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча жагдайга түшүндүрмө берди.

Казакстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Казакстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары өлкөгө келе алышат жана Кыргызстандын аймагындагы Казакстандын жарандары «Ак-Тилек-автожол»«Чоң-Капка-автожол», "Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга чыга алышат.

- кайсы бир өлкөгө транзиттик жол менен Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жарандарына убактылуу тыюу салынды.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр «Ак-Тилек-автожол» жана «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

«Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу темир жол тутуму менен өткөн жүктөр өткөрүлүүдө.

Күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 500 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек арадан өтүүдө.

Өзбекстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Өзбекстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандан өлкөгө кире алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын жарандары Өзбекстанга чыга алышат.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол» жана «Кадамжай-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

Күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 400 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Тажикстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Тажикстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Тажикстандан өлкөгө келе алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын жарандары Тажикстанга чыга алышат.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Тажикстанга жана Тажикстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

Күн сайын өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 50дөн ашык жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Кытай Эл Республикасы боюнча:

-кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары убактылуу жабык, адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлгөн жок.

Аба каттамдары боюнча маанилүү маалымат:

Республиканын калкынын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында 2020-жылдын 20-мартында саат 00.00дөн баштап Бишкекке/Бишкектен жана Ошко/Оштон бардык эл аралык аба каттамдары токтотулду.

Бирок жүк жашуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу айрым аба каттамдар каттайт:

- Москва–Бишкек – жумасына 1 жолу;

- Москва–Ош – жумасына 1 жолу;

- Новосибирск–Бишкек – жумасына бир жолу.

Эскертүү:

Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт менен гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметринде жагдай туруктуу.

Тэги: жүк чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу