IFC Кыргызстандын аэропортторун өнүктүрүү долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат

27.02.2020, 12:30 Акчабар
IFC Кыргызстандын аэропортторун өнүктүрүү долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат

Премьер-министр Мухаммедкалый АбылгазиевЭл аралык каржы корпорациясынын(IFC)аймактык вице-президенти Жоржина Бэйкер менен жолугуп, аэропортторду мамлекеттик-менчик кызматташтык долбоорунун алкагында модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Өкмөт башчы аталган долбоордун Кыргызстандын регионалдык транзиттик авиахабын ачуудагы потенциалын ишке ашырууда, аэропрттук инфраструктураны жакшыртууда, туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүүдө жана жаңы эл аралык багыттарды ачуудагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр менен IFC вице-президенти Эл аралык каржы корпорациясынын башка өлкөлөрдөгү аэропортторду өнүктүрүү тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстан менен кызматташтык ийгиликтүү боло тургандыгына ишеничин билдиришти.

«Биздин делегация республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара иш алып баруудагы жаңы каржылык инструменттерин киргизүү максатында келди»,-деп белгиледи Жоржина Бэйкер.

Ошондой эле ал IFCнин социалдык турак жай куруу тармагында инвестициялык кызматташуу пландары тууралуу айтып берди.   

Тэги: аэропорттор модернизация кызматт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу