Айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
«КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен отургузуу үчүн арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импортко кошумча нарк салыгынан бошотулган», — деп жазылат маалыматта.