2020-жылдын январь-сентябрь айларында Казакстандын саламаттык сактоо тармагына 346.4 млн $ инвестиция жумшалган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 86% түзгөн. Бул тууралуу finprom.kz порталы билдирди.
Инвестициянын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттен алынган - 129 млн $. 88.8 млн $ - өздүк каражаттан жумшалган. Насыя булактары аркылуу - 81.6 млн $, анын ичинен чет элдик инвестициялардын көлөмү - 487 миң $ түзгөн.
Республикалык бюджеттен инвестициянын көлөмү 31.2% же 45.4 млн долларга, банк насыялары 66.5% же 1.4 млн $ чейин төмөндөгөн.