Кыргызстандын инвестиция долбоорлору жөнүндө материалдар Азербайжанга сунушталды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
2020-жылдын 24-январында Убактылуу Ишенимдүү Өкүл Бакыт Юсуповтун Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Нияз Анвар оглу Ализаде менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Ализаде Соода-өнөр жай палатасынын иши жөнүндө маалымат берди, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу кызматташуунун да, эл аралык уюмдардын алкагында да колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
2020-жылда Бишкек шаарында кыргыз-азербайжан бизнес-форумунун уюштурулуусу маселесине дагы көңүл бурулду.
Жолугушуунун аягында тараптар жолугушуунун жыйынтыктары менен канааттанганын билдиришти жана экономикалык кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.