Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү жана аларды коштоо механизмдерин түзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун Тартибин иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы инвесторлор менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүдө инвестициялык саясат чөйрөсүндө аныкталган көйгөйлөр менен шартталган.