Транспортторго ишеним катты кайтаруу керекпи?

05.07.2019, 11:28 Акчабар
Транспортторго ишеним катты кайтаруу керекпи?

Айдоочуларга ишеним каты кайтаруу зарылбы? Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн ишеним катты милдеттүү документтердин катарына убактылуу киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдар машинанын учурдагы ээсине эмес, ишеним кат менен саткан кишиге келип жаткандыктан, баш аламандык болууда. Анткени,  

«Долбоор ишке киргизилгенден тарта  20 миңден ашык жаран түрдүү маселелер менен кайрылды. Кайрылгандардын жарымынан көбү ишеним кат менен машинаны саткандыктан айып пулдар аларга келип жатканын айтышкан. Алар машинанын жаңы ээсин таппай убара тарткандыктан жардам берүүнү суранууда», — деп жазылган маалыматта.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  айдоочулар өзүнө катталбаган машинаны айдап жүргөн учурда милдеттүү түрдө ишеним катты жанында алып жүрүшү керек деген норманы толуктоо үчүн Жол кыймылы эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Убактылуу ишеним катты 1-сентябрдан 31-декабрга чейин киргизүү пландап, мыйзамга толуктоо  жасоого жиберишкен. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу