Исмаилова жардамга келген россиялык медиктер менен жолугушту

24.07.2020, 09:35 Акчабар
Исмаилова жардамга келген россиялык медиктер менен жолугушту

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

 

Россиялык делегация КР Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Респуликасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Тэги: Исмаилова россиялык медиктер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу