Кече, 24-ноябрда Айдаркен отрядынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз өткөн дары-дармектерди токтотушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга 380 таңгак дары-дармектерди документтери жок алып бараткан Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны кармашты.
Кармалгандар - Кыргызстандын жараны жана Өзбекстандын жараны протоколдор катталгандан кийин кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.